# 43-берене. Доону өзгөртүү, доодон баш тартуу, доону таануу, тосмо доо, жарашуу макулдашуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 43-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-43

---

1. Доогер биринчи инстанциядагы соттун чечими чыгарылганга чейин доонун негизин же предметин өзгөртүүгө жана доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу. Ошондой эле доогер процесстин кайсы болбосун стадиясында доо талаптарынын өлчөмүн азайтууга жана доодон баш тартууга укуктуу.

Доо арызга толуктоолор жана (же) өзгөртүүлөр сотко жазуу жүзүндө машинкага басылган текст менен доо арыз берилген тилде берилет.

2. Жоопкер доону моюнга алууга же тосмо доо коюуга укуктуу.

3. Тараптар ишти процесстин кайсы болбосун стадиясында жарашуу макулдашуусу менен бүтүрө алат.

4. Эгерде анын шарттары мыйзамга каршы келсе, сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүүдөн баш тартат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-44)
