# 427-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иш боюнча соттун аныктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 427-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-427

---

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө аныктамада төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы;

2) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары;

3) өндүрүп алуучу мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүнү өтүнүп жаткан аксакалдар сотунун чечими жөнүндө маалыматтар;

4) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтүү.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарына, эгерде аксакалдар сотуна кайрылуу мүмкүндүгү жоготулбаса, аксакалдар сотуна кайра кайрылууга же ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча сотко кайрылууга тоскоол болбойт.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу же берүү тууралуу соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [426-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-426)  
Кийинки берене: [428-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-428)
