# 424-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 424-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-424

---

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө машинкага басылган текст түрүндө берилет жана ага пайдасына чечим кабыл алынган жак же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары, алардын жашаган жери;

4) аксакалдар сотунун чечими кабыл алынган дата жана жер;

5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өндүрүп алуучунун талабы.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын тастыктаган документтер;

3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсүнүн башка тарапка тапшырылгандыгын тастыктаган билдирме же башка документ;

4) ишеним кат же арызга кол коюуга өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган башка документ.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз ушул Кодекстин 423-беренесинде, ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган талаптарды бузуу менен берилгенде арыз аны берген жакка кайтарып берилет.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [423-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-423)  
Кийинки берене: [425-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-425)
