# 422-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иш боюнча соттун аныктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 422-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-422

---

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгы боюнча, сот аткаруу баракчасын берүү же бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасында төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) чечим кабыл алган бейтарап соттун аталышы жана курамы;

2) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталыштары;

3) бейтарап соттун чечими жөнүндө, өндүрүп алуучу өтүнүп жаткан мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маалыматтар;

4) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтүү.

3. Эгерде аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу ушул Кодекстин 421-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кабыл алынса, аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартылган чечимди чыгарган бейтарап сот бейтарап териштирүүнүн тарабынын арызы боюнча бейтарап териштирүүнү кайталап өткөрүүгө милдеттүү.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн ушул Кодекстин 421-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 4, 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча баш тартуу бейтарап териштирүүнүн тараптарына ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча сотко кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

5. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу же болбосо берүү жөнүндө соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [421-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-421)  
Кийинки берене: [423-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-423)
