# 421-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-421.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 421-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-421

---

1. Сот бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн ушул беренеде каралган учурларда гана баш тартат.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды караганда, сот аткаруу баракчасын берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартууга укуктуу:

1) эгерде тараптардын бири талашты бейтарап сотко берүү жөнүндө макулдашуу түзүүдө тараптардын бири аракетке жөндөмсүз экендигин сотто далилдесе;

2) эгерде тараптардын бирине арбитрдын же бейтарап териштирүүнүн дайындалгандыгы талаптагыдай түрдө кабар кылынбаса;

3) эгерде бейтарап соттун курамы же бейтарап териштирүүнүн жол-жобосу тараптардын макулдашуусуна же колдонуудагы эрежелерге ылайык келбесе;

4) эгерде бейтарап соттун чечими тараптардын макулдашуусунда каралбаган же анын шарттарына ылайык келбеген талаштар боюнча кабыл алынса же макулдашуунун чегинен тышкары маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү камтыса. Эгерде бейтарап макулдашууда камтылган маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү мындай макулдашуу менен камтылбагандардан ажыратып бөлүү мүмкүн болсо, бейтарап соттун чечиминин бейтарап макулдашууда камтылуучу маселелер боюнча көрсөтмөлөрү бар бөлүгү аткарууга алынышы мүмкүн жана бул бөлүктү аткаруу боюнча аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес;

5) эгерде тарап бейтарап макулдашууну жараксыз деп негиздүү түрдө билдирсе, ал эми бейтарап сот талашты кароого кабыл алса жана талаштын маңызы боюнча чечим чыгарса;

6) эгерде сот талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн предмети болушу мүмкүн эмес экендигин аныктаса.

---

Мурунку берене: [420-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-420)  
Кийинки берене: [422-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-422)
