# 420-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 420-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-420

---

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды сот ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө карайт.

2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо сот бейтарап соттон иштин материалдарын - ушул Кодекстин 421-беренесинде саналган, аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон материалдардын талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн талап кылышы мүмкүн.

3. Бейтарап териштирүүнүн тараптары сот жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу кабарландырылат. Сот жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу талаптагыдай түрдө кабардар кылынган кылынган аталган жактардын келбегендиги ишти кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды караган учурда, сот бейтарап соттун чечимин маңызы боюнча кайра кароого укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [419-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-419)  
Кийинки берене: [421-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-421)
