# 419-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлан аткаруу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 419-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-419

---

1. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет жана ага пайдасына чечим кабыл алынган жак же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган бейтарап соттун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

4) бейтарап соттун чечими кабыл алынган дата жана жер;

5) бейтарап сот тарабынан кабыл алынган чечимди мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өндүрүп алуучунун талабы.

Арызда телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын дареги жана башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) бейтарап соттун чечиминин түп нускасы же чечим кабыл алган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн чечимдин көчүрмөсү же болбосо чечимдин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө макулдашуунун (бейтарап макулдашуу) түп нускасы же болбосо макулдашуунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;

4) өкүлдүн арызга кол коюуга ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ;

5) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү же анын жиберилгендигин ырастаган башка документ.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз ушул Кодекстин 418-беренесинде, ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган талаптарды бузуу менен берилгенде аны берген жакка кайтарып берилет.

---

Мурунку берене: [418-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-418)  
Кийинки берене: [420-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-420)
