# 418-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 418-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-418

---

1. Бейтарап соттордун Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш соттор тарабынан ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маселе бейтарап соттун чечими пайдасына чечилген бейтарап териштирүү тарабынын арызы боюнча, райондук же аларга теңдештирилген соттор тарабынан каралат.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилиши мүмкүн.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз карызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча же болбосо, эгерде карызкордун жашаган же жүргөн жери белгисиз болсо, бейтарап териштирүүнүн тарабы болгон карызкордун мүлкү жайгашкан жер боюнча сотко берилет.

---

Мурунку берене: [417-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-417)  
Кийинки берене: [419-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-419)
