# 417-берене. Аппеляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттор тарабынан сот актысын аткарууну буруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 417-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-417

---

1. Ишти апелляциялык же кассациялык тартипте караган сот өзүнүн актысы менен талашты биротоло чечсе же иш боюнча өндүрүштү токтотсо же арызды карабастан калтырса, сот өзүнүн актысын аткарууну буруу тууралуу маселени чечүүгө же ишти чечүү үчүн биринчи инстанциядагы сотко берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде жогору турган соттун актысында сот актысын аткарууну буруу тууралуу эч кандай көрсөтмө болбосо, кызыкдар жак биринчи инстанциядагы сотко тиешелүү арызды берүүгө укуктуу.

3. Апелляциялык инстанцияда алимент төлөтүү жөнүндө иш боюнча соттун чечими жокко чыгарылган учурда, соттун жокко чыгарылган актысы өндүрүп алуучу тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана сот актысын аткарууну бурууга жол берилет.

Эмгек мамилелеринен келип чыгуучу талаптар боюнча акча суммаларын өндүрүү жөнүндө, алименттерди төлөтүү жөнүндө, майып болуудан же ден соолуктун башка бузулушунан же баккан адамынын каза болушунан улам тарткан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иштер боюнча сот актысы кассациялык тартипте жокко чыгарылган учурда, жокко чыгарылган сот актысы өндүрүп алуучу тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана сот актысын аткарууну бурууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [416-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-416)  
Кийинки берене: [418-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-418)
