# 415-берене. Сот актысын аткарууну буруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 415-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-415

---

1. Аткарылган сот актысы өзгөртүлсө же жокко чыгарылса жана доодон толук же айрым бөлүгүндө баш тартуу жөнүндө жаңы сот актысы кабыл алынса же болбосо иш боюнча сот өндүрүшү токтотулса же арыз каралбастан калтырылса, сот актысын аткарууну буруу колдонулат. Сот актысын аткаруу бурулган учурда жокко чыгарылган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы боюнча өндүрүп алуучунун пайдасына жактан өндүрүлгөндүн баары ошол жакка кайра кайтарылат.

2. Эгерде аткарууга алынбаган сот актысы өзгөртүлсө же жокко чыгарылса жана доодон толук же айрым бөлүгүндө баш тартуу жөнүндө жаңы сот актысы кабыл алынса же болбосо иш боюнча өндүрүш токтотулса же доо толук же айрым бөлүгүндө каралбастан калтырылса, сот жокко чыгарылган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы боюнча өндүрүп алууну толук же айрым бөлүгүндө токтотуу тууралуу сот актысын кабыл алат.

3. Өндүрүп алуучунун арызы боюнча сот өндүрүлгөн мүлктү же анын наркын кайра кайтаруу жөнүндө аткаруу баракчасын берет. Арызга мурда кабыл алынган сот актысынын аткарылгандыгын тастыктаган документ тиркелет.

---

Мурунку берене: [414-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-414)  
Кийинки берене: [416-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-416)
