Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
414-берене. Сот актысын же башка органдын актысын аткарууда башка жактардын укуктарын коргоо
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 45-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39
1. Өндүрүш учурунда сот аткаруучу мүлктү камакка койгондо мыйзамды бузса, бул бузуу мүлктүн карызкорго же башка жактарга таандык экендигине карабастан камакка коюуну жокко чыгарууга негиз болсо, камакка коюуну жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун жана ошол жактардын арызы ушул Кодексте каралган тартипте каралат. Мындай арыз камакка коюлган мүлктү сатканга чейин берилиши мүмкүн.
Мүлктү камакка алууну жокко чыгаруу маселелери жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
2. Ишке катышпаган жактар билдирген, өндүрүп алуу үчүн колдонулган мүлктүн таандыктыгы менен байланышкан талаш сот тарабынан доо өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат.
Мүлктү камакка коюудан бошотуу (тизмелөөдөн чыгаруу) жөнүндө доолор карызкорго жана өндүрүп алуучуга коюлат. Эгерде мүлктү камакка коюу мүлктү конфискациялоого байланыштуу жүргүзүлсө, мүлкү конфискацияланууга тийиш жак жана тиешелүү мамлекеттик орган жоопкер катары тартылат. Эгерде камакка коюлган же тизмелөөгө киргизилген мүлк сатылып кетсе, доо мүлктү сатып алуучуга да коюлат. Сатылып кеткен мүлктү кайра кайтаруу жөнүндө доо канааттандырылган учурда мүлктү сатып алуучунун, өндүрүп алуучунун жана карызкордун ортосундагы талаш сот тарабынан доо тартибинде каралат.
3. Сот кызыкдар жактардын арыздарына карабастан, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды аныктап, бүтүндөй мүлктү камакка коюуну жокко чыгарууга же мүлктүн бөлүгүн тизмелөөдөн чыгарууга милдеттүү.
4. Чечим ушул Кодексте каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коюуну жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун жана ошол жактардын арызы алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде кошулду: ушул Кодексте каралган тартипте каралат. Мындай арыз камакка коюлган мүлктү сатканга чейин кошулду: берилиши мүмкүн.
Мүлктү камакка алууну жокко чыгаруу маселелери жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
2. Ишке катышпаган жактар билдирген, өндүрүп алуу … чыгарууга же мүлктүн бөлүгүн тизмелөөдөн чыгарууга милдеттүү.
4. алынып салынды: Мүлктү камакка коюуну жокко чыгаруу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши кошулду: Чечим ушул Кодексте каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-414" title="414-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>