# 413-берене. Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө арызды кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 413-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-413

---

1. Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө арыз сот тарабынан ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөр менен ушул Кодекстин 175-беренесинин эрежелери боюнча каралат.

2. Аталган арыз сот жыйналышында каралат. Жарашуу макулдашуусун түзгөн жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Бул жактардын келбей калуусу, эгерде алардан маселени алардын катышуусуз кароо жөнүндө арыз келип түшсө, жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө маселени чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Арызды кароонун натыйжасы боюнча сот жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө же жарашуу макулдашуусун бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат. Соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [412-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-412)  
Кийинки берене: [414-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-414)
