# 411-берене. Аткаруунун мөөнөтүн жылдыруу же созуу, аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, ыйгарылган акча суммаларын индексациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 411-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-411

---

Аткаруу документин аткарууну татаалданткан же аларды аткарууну мүмкүн эмес кылган жагдайлар болгондо, аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу документин берген сотко же аткарылуучу жер боюнча сотко аткаруунун мөөнөтүн жылдыруу же созуу жөнүндө, аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө, ошондой эле ыйгарылган акча суммасын индексациялоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Сот аткаруучу ушул беренеде аталган негиздер боюнча аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Мындай арыздар сот тарабынан ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө, ушул Кодекстин 209, 210-беренелеринде каралган тартипте каралат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [410-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-410)  
Кийинки берене: [412-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-412)
