# 410-берене. Аткаруу документин түшүндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 410-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-410

---

1. Аткаруу документинде камтылган талап түшүнүксүз же аны аткаруунун ыкмасы жана тартиби түшүнүксүз болгон учурда, аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же сот аткаруучу аткаруу документин берген сотко аткаруу документин, аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин түшүндүрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Аткаруу документин түшүндүрүп берүү жөнүндө арыз сот жыйналышында, аталган арыз сотко келип түшкөн күндөн баштап он күндүк мөөнөттө каралат. Мындай арыз ушул Кодекстин 208-беренесинде каралган тартипте сот тарабынан каралат.

---

Мурунку берене: [409-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-409)  
Кийинки берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-411)
