# 41-берене. Иште бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 41-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-41

---

1. Доо бир нече доогер тарабынан биргелешип коюлушу же бир нече жоопкерге карата коюлушу мүмкүн (процесстик кошо катышуу). Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири процессте экинчи тарапка карата өз алдынча чыгат. Кошо катышуучулар ишти жүргүзүүнү кошо катышуучулардын бирине тапшыра алат.

2. Процесске кошо катышууга жол берилет, эгерде:

1) бир нече доогердин же жоопкердин жалпы укуктары же милдеттери талаштын предмети болуп саналса;

2) бир нече доогердин же жоопкердин укуктары жана милдеттери бир негизге ээ болсо;

3) бир тектүү укуктар жана милдеттер талаштын предмети болуп саналса.

3. Мыйзамда каралган учурларда сот кошо жоопкерди же кошо жоопкерлерди ишке катышуу үчүн тартат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-42)
