# 409-берене. Аткаруу документтерин аткарууга берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 409-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-409

---

1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептер боюнча аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген өндүрүп алуучуга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз аткаруу документтерин берген сотко берилет жана ушул Кодекстин 127-беренесинде каралган тартипте каралат.

3. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [408-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-408)  
Кийинки берене: [410-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-410)
