# 407-берене. Аткаруу баракчасынын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 407-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-407

---

1. Аткаруу баракчасында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш.

1) аткаруу баракчасын берген соттун аталышы; соттун аткаруу баракчасын беришине негиз болгон чечимди кабыл алган соттун же башка органдын аталышы жана жайгашкан жери;

2) аткаруу баракчасы берилген иш жана анын номери;

3) аткарылууга тийиш сот актысы же башка органдын актысы кабыл алынган дата жана ал мыйзамдуу күчүнө кирген дата;

4) өндүрүп алуучунун - юридикалык жактын жана карызкордун - юридикалык жактын аталышы, алардын турган жери, юридикалык дареги жана банк реквизиттери. Өндүрүп алуучу-жарандын жана карызкор-жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты, алардын жашаган жери, идентификациялык жеке номерлери (ИЖН) же идентификациялык салык номери (ИСН), карызкор-жарандын туулган датасы, жери жана иштеген жери, жеке ишкер катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн дата жана жер;

5) сот актысынын же башка органдын актысынын резолюциялык бөлүгү;

6) аткаруу баракчасы берилген дата жана аны аткарууну талап кылуу мөөнөтү. Эгерде аткаруу баракчасы берилгенге чейин сот тарабынан сот актысын аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же жылдыруу берилген болсо, аткаруу баракчасында аткаруу баракчасынын колдонуу мөөнөтү кайсы учурдан тартып баштала тургандыгы же карызкор аткаруу баракчасын аткаруу боюнча аракетти жасоого милдеттүү болгон мезгил көрсөтүлөт.

2. Аткаруу баракчасына судья кол коёт жана ал соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [406-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-406)  
Кийинки берене: [408-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-408)
