# 406-берене. Сот тарабынан аткаруу документинин дубликатын берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 406-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-406

---

1. Аткаруу баракчасынын, сот буйругунун же доону камсыз кылуу жөнүндө соттун аныктамасынын (аткаруу документтеринин) түп нускасы жоголгон учурда, аткаруу документин берген сот аткаруу документинин дубликатын бере алат. Дубликатты берүү жөнүндө арыз сот жыйналышында каралат. Ишке катышуучу жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбей калышы дубликатты берүү жөнүндө маселени чечүүгө тоскоол болуп саналбайт.

2. Дубликат берүү жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [405-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-405)  
Кийинки берене: [407-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-407)
