# 405-берене. Аткаруу баракчасын берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261670..1261671>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 405-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-405

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган сот актысын аткаруу үчүн аткаруу баракчасы ишти караган биринчи инстанциядагы сот тарабынан берилет. Башка органдын актысын аткартуу үчүн аткаруу баракчасы ушул Кодексте белгиленген тартипте берилет.

2. Аткаруу баракчасы өндүрүп алуучуга берилет же анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз сот тарабынан аткаруу үчүн жөнөтүлөт. Акча каражатын бюджеттин кирешесине өндүрүп алуу үчүн аткаруу баракчасы сот тарабынан карызкордун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ар бир сот актысы же башка органдын актысы боюнча бир аткаруу баракчасы берилет.

Эгерде сот актысы же башка органдын актысы бир нече өндүрүп алуучулардын пайдасына же бир нече карызкорго каршы кабыл алынган болсо же аткаруу ар башка жерлерде жүргүзүлүүгө тийиш болсо, сот өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча бир нече аткаруу баракчасын берет, мында алардын ар бирине аны аткаруу орду же ошол аткаруу баракчасы боюнча аткарылууга тийиш болгон сот актысынын же башка органдын актысынын бөлүгү так көрсөтүлөт.

4. Ортоктош жоопкерлерден акча суммасын өндүрүп алуу жөнүндө сот актысынын, башка органдын актысынын негизинде, өндүрүп алуучулардын өтүнүчү боюнча, сот ортоктош жоопкерлердин санына жараша бир нече аткаруу баракчасын берет, мында алардын ар биринен өндүрүлө турган жалпы сумма, бардык жоопкерлердин аталыштары жана алардын ортоктош жоопкерчилиги көрсөтүлөт.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2022-жылдын 18-январы №4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [404-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-404)  
Кийинки берене: [406-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-406)
