Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
405-берене. Аткаруу баракчасын берүү
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 45-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2022 года № 4
1. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган сот актысын аткаруу үчүн аткаруу баракчасы ишти караган биринчи инстанциядагы сот тарабынан берилет. Башка органдын актысын аткартуу үчүн аткаруу баракчасы ушул Кодексте белгиленген тартипте берилет.
2. Аткаруу баракчасы өндүрүп алуучуга берилет же анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз сот тарабынан аткаруу үчүн жөнөтүлөт. Акча каражатын бюджеттин кирешесине өндүрүп алуу үчүн аткаруу баракчасы сот тарабынан карызкордун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ар бир сот актысы же башка органдын актысы боюнча бир аткаруу баракчасы берилет.
Эгерде сот актысы же башка органдын актысы бир нече өндүрүп алуучулардын пайдасына же бир нече карызкорго каршы кабыл алынган болсо же аткаруу ар башка жерлерде жүргүзүлүүгө тийиш болсо, сот өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча бир нече аткаруу баракчасын берет, мында алардын ар бирине аны аткаруу орду же ошол аткаруу баракчасы боюнча аткарылууга тийиш болгон сот актысынын же башка органдын актысынын бөлүгү так көрсөтүлөт.
4. Ортоктош жоопкерлерден акча суммасын өндүрүп алуу жөнүндө сот актысынын, башка органдын актысынын негизинде, өндүрүп алуучулардын өтүнүчү боюнча, сот ортоктош жоопкерлердин санына жараша бир нече аткаруу баракчасын берет, мында алардын ар биринен өндүрүлө турган жалпы сумма, бардык жоопкерлердин аталыштары жана алардын ортоктош жоопкерчилиги көрсөтүлөт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2022-жылдын 18-январы №4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
18.01.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн аткаруу баракчасы сот тарабынан карызкордун турган жери боюнча алынып салынды: салык органына же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
3. Эгерде ушул … ортоктош жоопкерчилиги көрсөтүлөт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № алынып салынды: 39 кошулду: 39, 2022-жылдын 18-январы №4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-405" title="405-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>