# 40-берене. Тараптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 40-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-40

---

1. Жарандар, кызмат адамдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар жарандык процесстеги тараптар - доогер жана жоопкерлер боло алат.

2. Мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жак болуп саналбаган уюмдар да тараптар боло алат.

3. Башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга мыйзам боюнча укугу бар органдардын жана жактардын арызы боюнча кызыкчылыгында иш башталган жакка сот келип чыккан процесс жөнүндө билдирет жана бул жак иште доогер катары катышат.

4. Кыргыз Республикасы, жергиликтүү коомдоштуктар жарандык процессте тарап боло алат, алар процессте мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу чыгат.

5. Тараптар тең процесстик укуктардан пайдаланат жана процесстик тең милдеттерди аткарат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-41)
