# 392-берене. Чет мамлекеттин органдары берген документтерди таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 392-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-392

---

1. Кыргыз Республикасынан тышкары жерде чет өлкөлүк укукка ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына жана уюмдарына же чет өлкөлүк жактарга карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары берген, түзгөн же белгиленген формада ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан, эгерде мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдашуусу бар болгондо же апостиль берилгенде кабыл алынат.

2. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасындагы сотко берилген учурда мамлекеттик жана расмий тилдеги тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн котормо менен коштолууга тийиш.

---

Мурунку берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-391)  
Кийинки берене: [393-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-393)
