# 390-берене. Юрисдикциялык иммунитет

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 390-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-390

---

1. Бийликтин ээси катары чыккан чет мамлекет Кыргыз Республикасынын сотунда бул чет мамлекетке доо коюу, аны жоопкер же үчүнчү жак катары ишке катышууга тартуу, бул чет мамлекетке таандык болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлккө камак салуу жана доону камсыз кылуу боюнча бул мүлккө карата башка чараларды көрүү жагында иммунитетке ээ. Эгерде мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, соттун чечимин аткаруу тартибинде өндүрүп алууну бул мүлккө багыттоого тийиштүү мамлекеттин компетенттүү органдарынын макулдугу менен гана жол берилет.

2. Эл аралык уюмдардын иммунитети мыйзамдар, эл аралык келишимдер менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн башка жактар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган чектерде жарандык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясына тийиштүү болот.

---

Мурунку берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-389)  
Кийинки берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-391)
