# 389-берене. Чет мамлекеттердин соттору караган иштин процесстик натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 389-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-389

---

1. Кыргыз Республикасы менен сот чечимдерин өз ара таанууну жана аткарууну караган эл аралык келишими бар чет мамлекеттин соту чыгарган ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаштар боюнча чечим бар болсо, Кыргыз Республикасынын соту арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат же иш боюнча өндүрүштү токтотот.

2. Эгерде чечими Кыргыз Республикасынын аймагында таанылышы же аткарылышы керек болгон чет мамлекеттин сотунда ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол негиздердеги талаш боюнча мурда иш козголгон болсо, Кыргыз Республикасынын соту арызды кайра кайтарат же арызды карабастан калтырат.

---

Мурунку берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-388)  
Кийинки берене: [390-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-390)
