# 385-берене. Өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча компетенция

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 385-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-385

---

Кыргыз Республикасынын соттору төмөнкүдөй учурларда чет өлкөлүк жактар катышкан өзгөчө өндүрүштүн иштерин карайт:

1) юридикалык мааниге ээ болгон фактыны аныктоо жөнүндө иш боюнча - арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса же аныкталууга тийиш болгон факт Кыргыз Республикасынын аймагында болсо же болуп жатса;

2) асырап алуу жөнүндө, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендигин же аракетке жөндөмсүздүгүн таануу жөнүндө, аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө, жашы жете электерди аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө, психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндө, мажбурлап жаткырууну узартуу жөнүндө маселе коюлган жаран Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса же Кыргыз Республикасында жашап турса;

3) дайынсыз жоголгондугун таануу же өлдү деп жарыялоо жөнүндө маселе коюлуп жаткан адам Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса же соңку жашаган белгилүү жери Кыргыз Республикасында болсо жана мында бул маселени чечүү Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери же турган орду бар жарандар менен уюмдардын жарандык укуктарын жана милдеттерин белгилөөгө байланыштуу болсо;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында турган ээсиз кыймылсыз буюмга муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө арыз берилгенде;

5) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же турган жаран же уюм тарабынан берилген (алынган), көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаздардын жана ордердик баалуу кагаздардын жоголгондугун таануу жөнүндө жана алар боюнча тийиштүү укуктарды калыбына келтирүү (чакыруу өндүрүшү) жөнүндө арыз берилгенде;

7) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну же талашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын башка органы тарабынан арыз берилсе.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [384-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-384)  
Кийинки берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-386)
