# 381-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 381-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-381

---

1. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү алардын жеке мыйзамдары боюнча аныкталат.

2. Чет өлкөлүк жарандын жеке мыйзамы болуп ал жараны болуп саналган мамлекеттин укугу эсептелет. Эгерде ал Кыргыз Республикасынын жарандыгы менен катар эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болсо, анын жеке мыйзамы болуп Кыргыз Республикасынын укугу эсептелет. Эгерде чет өлкөлүк жаранда бир нече чет өлкөлүк жарандык болсо, анын жеке мыйзамы болуп ал кыйла тыгыз байланышкан мамлекеттин мыйзамы эсептелет.

3. Жарандыгы жок жактардын жеке мыйзамы болуп - ал жашаган мамлекеттин укугу, ал эми мындай мамлекет жок болсо - ал адатта жашап турган мамлекеттин укугу эсептелет.

4. Качкындын жеке мыйзамы болуп - баш калкалоо берген мамлекеттин укугу эсептелет.

5. Өзүнүн жеке мыйзамы боюнча процесстик аракетке жөндөмдүү болуп саналбаган жак, эгерде ал Кыргыз Республикасынын укугуна ылайык процесстик аракетке жөндөмдүү болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында процесстик аракетке жөндөмдүү деп таанылат.

---

Мурунку берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-380)  
Кийинки берене: [382-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-382)
