# 380-берене. Чет өлкөлүк жактардын процесстик укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 380-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-380

---

1. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар (мындан ары - чет өлкөлүк жактар) өздөрүнүн бузулган же талаштуу укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын сотторуна кайрылууга укуктуу.

2. Чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей эле жарандык процесстик укуктарды пайдаланат жана процесстик милдеттерди аткарат.

3. Чет өлкөлүк жактар катышкан иштер боюнча өндүрүш ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын жарандык процесстик укуктарын атайылап чектөөгө жол берген мамлекеттердин чет өлкөлүк жактарына карата жооп иретинде чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [3791-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3791)  
Кийинки берене: [381-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-381)
