# 3791-берене. Арызды (сунуштаманы) кайтарып берүүнүн негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3791>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-3791.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 3791-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3791

---

1. Сот актысын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) арыз берген жакка төмөнкүдөй негиздер боюнча кайра кайтарылат:

1) эгерде арыз (сунуштама) арыз берүүгө укугу жок адам тарабынан берилсе;

2) эгерде арыз ушул Кодекстин 376-беренесинде белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана ага өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө тиркелбесе;

3) эгерде сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) берген адамдан аны кайра алуу жөнүндө арыз түшсө;

4) эгерде арыздын (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга жиберилгендигин ырастоочу далилдер тиркелбесе.

2. Сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасы чыгарылат, кассациялык инстанциядагы соттун аныктамасын кошпогондо, ал даттанылышы мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [379-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-379)  
Кийинки берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-380)
