# 379-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 379-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-379

---

1. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды же сунуштаманы карап чыгып, сот же арызды канааттандырат жана сот актысын жокко чыгарат же кайра кароодон баш тартат.

2. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө биринчи инстанциядагы соттун аныктамасы ушул Кодекстин 39-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын аныктамасы даттанылууга жатпайт.

5. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама канааттандырылган учурда иш сот тарабынан ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча жалпы негиздерде каралат.

---

Мурунку берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-378)  
Кийинки берене: [3791-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3791)
