# 377-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча арыз берүү үчүн мөөнөттү эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 377-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-377

---

Арызды берүү үчүн мөөнөт төмөнкүдөй учурларда эсептелет:

1) ушул Кодекстин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда - ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон документ табылган күндөн баштап;

2) ушул Кодекстин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда - жазыктык иш боюнча соттун, прокурордун, тергөөчүнүн же алдын ала териштирүүчүнүн актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап;

3) ушул Кодекстин 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган учурларда - сот актысына негиз болгон мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими расмий жарыяланган күндөн баштап;

4) ушул Кодекстин 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда - кайра каралып жаткан сот актысы негизделген соттун же башка органдын актысына мазмуну боюнча карама-каршы келген соттун же башка органдын актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же болбосо сот тарабынан конкреттүү иш боюнча чечиминин кабыл алынышына негиз болгон укук ченемдерин кабыл алуунун практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому чыгарылган күндөн тартып;

5) ушул Кодекстин 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору караган конкреттүү иштер боюнча чечими мыйзамдуу күчүнө кирген (кабыл алынган) күндөн баштап.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3761-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3761)  
Кийинки берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-378)
