# 3761-берене. Арыздын (сунуштаманын) мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3761>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-3761.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 3761-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3761

---

1. Жаңы ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) жазуу жүзүндө машинкага басылган текст түрүндө берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттанылуучу сот актысын көрсөтүүнү;

2) ушул Кодекстин 373, 374-беренелеринде каралган арызды (сунуштаманы) берүү негиздерин;

3) арызды (сунуштаманы) берүүгө мөөнөттү сактоо жөнүндө маалыматты.

2. Арызга (сунуштамага) документтердин түп нускалары же болбосо аларга негиз болгон документтердин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ишке катышуучу жактарга арыздардын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жиберилгени жөнүндө далилдер тиркелет.

3. Арыз ээси өзүнүн арызынын (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу жактарга жиберүүгө милдеттүү.

4. Арыз (сунуштама) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө да берилиши мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-376)  
Кийинки берене: [377-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-377)
