Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
374-берене. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 41-глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86
1. Жаңы жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген талаштуу сот актысы кабыл алынгандан кийин пайда болгон жагдайлар.
2. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эгерде кайра карап чыгууга башка тоскоолдуктар жок болсо, талаштуу сот актысы негизделген мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келбегендигин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун таануусу;
2) талаштуу сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун же башка органдын актысын жокко чыгаруу;
3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору караган конкреттүү иштер боюнча чечими;
4) конкреттүү иш боюнча чечимди кабыл алууга негиз болгон укуктук ченемди колдонуу практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому.
3. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары Карызкорго карата администрациялоо жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген, банкроттук жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңы жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиш эмес.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-374" title="374-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>