# 373-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049181)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.07.2026 [Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049181); 11.01.2025 [Закон КР от 11 января 2025 года № 3 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=52162..56530>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 373-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-373

---

1. Жаңыдан ачылган жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, талашылып жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда арыз ээсине белгисиз болуп калган же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон документ;

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайын жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы;

3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, актысы менен тастыкталган, натыйжасы мыйзамсыз же негизсиз сот актысын кабыл алууга алып келген жактын кылмыштуу жосундары.

3. Карызкорго карата администрациялоо жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген банкроттук жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 3, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-372)  
Кийинки берене: [374-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-374)
