# 370-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларынын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 370-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-370

---

1. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары киришме, сыпаттама, жүйөлөмө жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

Ишти өндүрүшкө кабыл алуу жана аны соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө соттун аныктамасы киришме жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турат.

2. Киришме бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) сот актысын кабыл алган соттун аталышы жана курамы;

2) сот актысын кабыл алуунун датасы жана орду;

3) кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак, ошондой эле ишке катышуучу башка жактар;

4) кассациялык даттануу (сунуштама) берилген сот актысы.

3. Сыпаттама бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) биринчи жана апелляциялык инстанциядагы ишти караган соттун аталышы, сот актысын чыгаруунун датасы жана орду, ишти караган судьялардын курамы; биринчи жана апелляциялык инстанциялардын актыларынын маңызын баяндоо;

2) кассациялык даттануунун (сунуштаманын) жүйөлөрү;

3) кассациялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлер;

4) кассациялык инстанциядагы соттун жыйналышына катышкан жактардын түшүндүрмөлөрү.

4. Жүйөлөмө бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) ишке катышуучу жактар шилтеме кылган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуунун негизсиздигинин жүйөлөрү, ошондой эле сот актысын кабыл алууга негиз болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

2) сот актысын жокко чыгарганда же өзгөрткөндө - биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун тыянактарына сот макул болбогон жүйөлөр;

3) эгерде иш жаңы кароого берилсе, тараптар жана (же) сот аткарууга тийиш болгон аракеттер.

5. Резолюциялык бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча тыянактар;

2) мамлекеттик алымды кошкондо соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүүнү көрсөтүү.

6. Биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысы ушул соттун актыларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча күчүндө калтырылган учурда кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн чечиминин жүйөсүн көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Бул учурда кассациялык инстанциядагы сот даттануу берилип жаткан соттук актылардын негиздемелерине макул экендигин көрсөтөт.

7. Кассациялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 206-беренесине ылайык туура эмес жазууларды жана даана арифметикалык каталарды оңдоо жөнүндө маселени кароого укуктуу.

8. Жаңы чечим кабыл алынган учурда кассациялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 208-беренесине ылайык чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселени кароого укуктуу.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-369)  
Кийинки берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-371)
