# 369-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 369-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-369

---

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) Ушул Кодекстин 365-беренесине ылайык кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган кассациялык инстанциядагы соттун актысы токтом формасында чыгарылат.

Бардык башка учурларда кассациялык инстанциядагы соттун актысы аныктама формасында кабыл алынат. Биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысы толук же айрым бөлүгү жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн учурда жана жаңы чечим кабыл алынганда кассациялык инстанциянын токтому Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

2. Кассациялык инстанциядагы соттун актысы ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык кеңешүү бөлмөсүндө кабыл алынат.

Кассациялык инстанциядагы сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн чыгарууда сот ал жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны түзүүгө милдеттүү.

3. Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышуучу жактарга жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аны жарыялангандан кийин дароо тапшырылат.

Ишке катышкан, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот тарабынан соттук актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, соттун актысынын көчүрмөсү акт жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирүүчү менен кат аркылуу жиберилет (берилет). (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-368)  
Кийинки берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-370)
