# 365-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 365-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-365

---

1. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча ишти карап чыгып, төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын күчүндө калтырууга;

2) иш боюнча чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калтырууга;

3) биринчи же апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга же өзгөртүүгө жана эгерде материалдык укуктун нормаларын колдонууда гана ката кетирилсе, ишти жаңыдан кароого бербестен жаңы чечимди кабыл алууга.

(Абзац КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана ушул Кодекстин 220, 222 жана 260-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздерге жараша иш боюнча өндүрүштү токтотууга же арызды карабастан калтырууга;

5) биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун актыларын толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана, эгерде процесстик укуктун нормаларын колдонууда ишти туура эмес чечүүгө алып келген каталар кетирилсе, ишти жаңыдан кароого жиберүүгө.

2. Ишти жаңыдан кароого жиберүүдө кассациялык инстанциядагы сот ишти башка курамда кароонун зарылдыгын көрсөтө алат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-364)  
Кийинки берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-366)
