# 361-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 361-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-361

---

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароо ушул главада каралган алып салуулар жана толуктоолор менен ушул Кодекстин III бөлүмүндөгү эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда иштер үч судьядан турган сот курамдарында каралат.

3. Кассациялык инстанциядагы сотто ишти кароодо, эгерде сот тарабынан башкача тартип каралбаса, иш боюнча баяндама менен судья-баяндамачы, андан кийин даттануу (сунуштама) берген жактар жана ишке катышуучу башка жактар сөз сүйлөйт. Андан кийин сот сот актысын кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетет.

(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын кассациялык инстанциядагы соттун жыйналышына келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоол болбойт. Эгерде кассациялык инстанциядагы соттун пикири боюнча процесстин катышуучусунун келүүсү талап кылынса, ишти кароо кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

361-берене1. Соттун аныктамаларына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби

1. Ушул Кодекстин 39-главасында белгиленген тартипте кабыл алынган биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароо иш боюнча оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөр менен ушул Бөлүмдүн эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Кассациялык инстанциялардагы сот биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына даттанууларды (сунуштамаларды) даттануу өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин карайт, ал жөнүндө ишке катышуучу жактарга кабарлайт. Бул мөөнөт даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлерин сотко келтирүү үчүн ишке катышуучу жактарга берилет. Даттанууга (сунуштамага) карата каршы пикирдин жоктугу аны кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу, доону (арызды) кароосуз калтыруу жөнүндө биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттун аныктамаларын кайрадан кароо жалпы тартипте жүргүзүлөт.";

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [360-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-360)  
Кийинки берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-362)
