# 358-берене. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же кассациялык сунуштаманы чакыртып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 358-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-358

---

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак даттануу (сунуштама) боюнча чечим чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу.

2. Прокурор киргизген сунуштама жогору турган прокурор тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн.

3. Кассациялык даттануудан баш тартылганда же сунуштама чакыртып алынганда, кассациялык инстанциядагы сот даттануудан (сунуштамадан) баш тартуунун же сунуштаманы чакыртып алуунун натыйжаларын түшүндүрөт жана иш боюнча кассациялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

4. Эгерде кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартылган же кассациялык сунуштама чакыртып алынганда сот башка жактын кассациялык даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, баш тартуу же чакыртып алуу билдирилген кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү гана токтотуу тууралуу аныктама чыгарылат. Бул учурда кассациялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

5. Кассациялык даттануудан баш тартылган же кассациялык сунуштама чакыртып алынган учурда, сот актысына ошол эле жактын кассациялык тартипте кайталап даттануу беришине жол берилбейт.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [357-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-357)  
Кийинки берене: [359-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-359)
