# 357-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 357-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-357

---

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) аны берген жакка кассациялык инстанциядагы сот тарабынан төмөнкү негиздер боюнча кайра кайтарылат:

1) эгерде даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 354-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе;

2) эгерде даттануу (сунуштама) кассациялык даттануу үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса;

3) эгерде даттанууда (сунуштамада) материалдык укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу же процесстик укукту олуттуу бузуу эмнеде тургандыгы көрсөтүлбөсө;

4) эгерде иш апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети болбосо;

5) эгерде даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;

51) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн эгерде арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;

6) эгерде ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) көчүрмөлөрү жиберилгендиги жөнүндө далилдер тиркелбесе;

7) эгерде иш кассациялык тартипте каралган болсо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды жойгондон кийин кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чегинде даттануу (сунуштама) менен кайрадан кайрылууга укуктуу.

3. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө аныктама иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирилбестен кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылат жана кассациялык даттануу (сунуштама) берген жакка даттанууга (сунуштамага) тиркелген бардык документтери менен тапшырылат же жиберилет.

4. Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, кассациялык даттануу (сунуштама) берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-356)  
Кийинки берене: [358-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-358)
