# 354-берене. Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030312)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 354-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-354

---

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) машинага басылган текст түрүндө жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.

2. Кассациялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышы;

2) даттануу (сунуштама) берген жактын аталышы, жашаган жери, эгерде бар болсо – мобилдик телефон, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жактар үчүн ошондой эле - анын катталган номери жана жайгашкан жери жана башка реквизиттери;

3) ишке катышуучу башка жактардын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

4) ишти караган биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттордун аталышы жана алар кабыл алган сот актыларынын мазмуну;

5) даттанылып жаткан сот актысы;

6) укук нормаларын бузуу эмнеде тургандыгын көрсөтүү;

7) даттануу (сунуштама) берген жактын өтүнүчү;

8) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмеги;

9) зарыл болгондо - кассациялык даттануунун өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу жөнүндө арыз.

3. Даттанууга (сунуштамага) аны берген жак же анын өкүлү кол коёт. Өкүл берген кассациялык даттанууга (сунуштамага) ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ (эгерде иште мындай документ жок болсо) тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен ырасталат.

4. Кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак ишке катышуучу башка жактарга даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелүүчү, аларда жок документтердин көчүрмөсүн жиберет.

5. Кассациялык даттанууга (сунуштамага) кассациялык даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга жиберилгендигинин далилдери, ошондой эле мамлекеттик алымдардын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелүүгө тийиш.

6. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч кассациялык даттанууга тиркелүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

---

Мурунку берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-353)  
Кийинки берене: [355-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-355)
