# 346-берене. Биринчи инстанциядагы соттун аныктамаларына апелляциялык тартипте даттануу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 346-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-346

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун аныктамалары тараптар жана ишке катышуучу башка жактар тарабынан соттун чечиминен өзүнчө, ушул Кодексте каралган учурларда гана даттанылышы мүмкүн.

2. Биринчи инстанциядагы соттун калган аныктамаларына жекече даттануулар (сунуштамалар) берилбейт, бирок бул аныктамаларга каршы пикирлер апелляциялык даттанууга киргизилиши мүмкүн.

3. Биринчи инстанциядагы соттун даттанылууга жатпоочу аныктамасына жекече даттануулар (сунуштамалар) берилген учурда, аталган даттануулар алар сотко келип түшкөн учурдан баштап беш күндүк мөөнөттө биринчи инстанциядагы соттун судьясы тарабынан жүйөлөнгөн аныктаманы чыгаруу менен кайра кайтарылууга жатат.

---

Мурунку берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-345)  
Кийинки берене: [347-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-347)
