Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
344-берене. Апелляциялык чечимдин жана аныктаманын мазмуну
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 38-глава
1. Апелляциялык инстанциянын чечими (аныктамасы) киришме, сыпаттама, жүйөлөмө жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.
2. Ишти өндүрүшкө кабыл алуу жана аны соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы киришме жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турат.
3. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечиминде (аныктамасында) ушул Кодекстин 202-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган жагдайларга толуктоо катары төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) киришме бөлүктө:
а) сот актысын кабыл алган соттун аталышы жана курамы;
б) сот актысы кабыл алуунун датасы жана орду;
в) апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жак, ошондой эле ишке катышуучу башка жактар;
г) апелляциялык даттануу (сунуштама) берилген сот актысы;
2) сыпаттама бөлүктө:
а) биринчи инстанциядагы ишти караган соттун аталышы, сот актысын чыгаруунун датасы жана орду;
б) биринчи инстанциядагы соттук актынын маңызын кыскача баяндоо;
в) апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) жүйөлөрү;
г) апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлер;
д) апелляциялык инстанциядагы соттун жыйналышына катышкан жактардын түшүндүрмөлөрү;
3) жүйөлөмө бөлүктө:
а) ишке катышуучу жактар шилтеме кылган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуунун негизсиздигинин жүйөлөрү, ошондой эле сот актысын кабыл алууга негиз болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;
б) сот актысын жокко чыгарганда же өзгөрткөндө - биринчи инстанциядагы соттун тыянактарына апелляциялык инстанциядагы сот макул болбогон жүйөлөр;
в) эгерде иш жаңыдан кароого берилсе, тараптар жана (же) сот аткарууга тийиш болгон аракеттер;
4) резолюциялык бөлүктө:
а) апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча тыянактар;
б) мамлекеттик алымды кошкондо соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүүнү көрсөтүү.
4. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасында ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган жагдайлардан тышкары даттануунун (сунуштаманын) далилдери негизсиз деп табылган жана биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө негиз болуп саналбаган жүйөлөр көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Ушул Кодекстин 206-беренесине ылайык апелляциялык инстанциядагы сот туура эмес жазууларды жана даана арифметикалык каталарды оңдоо жөнүндө маселени кароого укуктуу.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-344" title="344-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>