# 341-берене. Процесстик укуктун нормаларын олуттуу бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 341-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-341

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылууга, ал эми иш жаңыдан кароого жиберилүүгө тийиш, эгерде:

1) иш сот тарабынан мыйзамсыз курамда каралса;

2) соттун чечимине судья кол койбосо же соттун чечиминде көрсөтүлгөн судьядан башка судья кол койсо;

3) иште сот жыйналышынын протоколу жок болсо;

4) соттун чечимин кабыл алууда кеңешүү бөлмөсүнүн жашыруундуулугу жөнүндө эрежелер бузулса;

5) иш сот тарабынан сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар болбогон ишке катышуучу жактардын кимдир бирөөсү жокто каралса;

6) ишти кароодо сот өндүрүшү жүргүзүлүүчү тил жөнүндө эреже бузулса;

7) сот ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары жана милдеттери жөнүндө чечим кабыл алса;

8) ушул Кодексте белгиленген, ушул Кодекстин 28-беренесинде каралган сотко караштуулук эрежелерин, ошондой эле администрациялык сот өндүрүшүнүн эрежелерин бузуу менен иш каралса.

2. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-340)  
Кийинки берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-342)
