# 338-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 338-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-338

---

Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну (сунуштаманы) канааттандырбастан калтырууга;

2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө өзгөртүүгө же аны толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга;

3) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга же болбосо арызды карабастан калтырууга.

4) биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти соттун ошол же башка курамында жаңыдан кароосуна жөнөтүүгө.

---

Мурунку берене: [337-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-337)  
Кийинки берене: [339-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-339)
