# 335-берене. Ишти апелляциялык инстанцияда кароонун чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 335-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-335

---

1. Ишти апелляциялык тартипте караганда сот биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) чегинде текшерет. Бул учурда апелляциялык инстанция даттануунун (сунуштаманын) укуктук жүйөлөрүнө байланбайт.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот жаңы фактыларды аныктоого жана жаңы далилдерди иликтөөгө, иштин материалдарындагы бар болгон далилдерге жаңы баа берүүгө укуктуу.

3. Апелляциялык инстанциядагы сотто доонун предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө, доонун негиздерин өзгөртүүгө, ошондой эле тосмо доону берүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-334)  
Кийинки берене: [336-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-336)
