# 334-берене. Ишти апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 334-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-334

---

1. Белгиленген мезгилде төрагалык кылуучу сот жыйналышын ачат жана кайсы иш, кимдин даттануусу боюнча, кайсы соттун чечимине карата каралууга тийиш экендигин жарыялайт. Төрагалык кылуучу ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн кимиси келгендигин тактайт, келгендердин керт башын тастыктайт, ошондой эле кызмат адамдарынын жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.

2. Төрагалык кылуучу соттун курамын жарыялайт жана ишке катышуучу жактарга алардын четке кагууларды билдирүү укугун түшүндүрөт. Четке кагуу үчүн негиздер, билдирилген четке кагууну чечүүнүн тартиби жана мындай билдирүүлөрдү канааттандыруунун натыйжалары ушул Кодекстин 19, 20, 22-24-беренелери менен аныкталат.

3. Төрагалык кылуучу ишке катышуучу адамдарга алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

4. Апелляциялык инстанцияда ишти териштирүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча ишке катышуучу жактардын арыздары жана өтүнүчтөрү ишке катышкан башка жактардын пикирлерин уккандан кийин сот тарабынан чечилет.

5. Апелляциялык инстанцияда ишти кароо судья-баяндамачынын баяндамасы менен башталат, ал иштин жагдайларын, биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мазмунун, апелляциялык даттануунун жана ага каршы пикирдин жүйөлөрүн баяндайт, ошондой эле соттун чечиминин тууралыгын текшерүү үчүн кароо зарыл болгон башка маалыматтарды билдирет.

6. Баяндамадан кийин сот жыйналышка келген ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угат. Биринчи болуп апелляциялык даттануу берген жак жана анын өкүлү сөз сүйлөйт. Эки тарап тең чечимге даттануу берген учурда биринчи болуп доогер сөз сүйлөйт.

7. Ишке катышуучу жактар келбей калган учурда даттанууга (сунуштамага) алар берген жазуу жүзүндөгү каршы пикир апелляциялык соттун жыйналышында жарыяланат.

8. Сот тараптардын түшүндүрүүсүн угуп, зарыл болгондо иштеги далилдерди жарыялайт жана жаңыдан берилген далилдерди иликтейт. Далилдерди иликтөө биринчи инстанциядагы сот үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

9. Тараптар күбөлөрдү чакыруу жана суракка алуу жөнүндө, башка далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

10. Сот апелляциялык чечимди же аныктаманы кабыл алганда өзүнүн актысында апелляциялык инстанциядагы соттун жыйналышына чакыртылбаган, бирок биринчи инстанциялык сотто суралган жактардын сотто жарыя кылынган көрсөтүүлөрүнө шилтеме кылууга укуктуу. Эгерде бул көрсөтүүлөрдү тараптар талашса, аларды берген жактар апелляциялык инстанциядагы сотто суракка алынууга тийиш.

11. Далилдер иликтенгенден кийин төрагалык кылуучу ишке катышуучу жактардан соттук териштирүүнү толуктоо боюнча өтүнүчтөрү тууралуу сурайт. Сот бул өтүнүчтөрдү чечет жана соттук жарыш сөзгө өтөт.

12. Жарыш сөздөр ушул Кодекстин 194-беренесинин эрежелери боюнча өткөрүлөт, жарыш сөздө даттануу (сунуштама) берген жак биринчи болуп сүйлөйт.

13. Соттук жарыш сөздөн кийин сот чечим (аныктама) чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетет. Кеңешүүдөн кийин судьялар чыгарылган чечимди (аныктаманы) жарыялайт.

14. Эгерде кеңешүүнүн убагында сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же бар болгон же жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп тапса, ишти маңызы боюнча кароону кайра улантат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат, ал сот жыйналышынын протоколуна киргизилүүгө тийиш. Бул учурда сот жыйналышы ушул беренеде белгиленген тартипте улантылат.

15. Апелляциялык инстанциядагы соттун жыйналышында төрагалык кылуучу сот жыйналышында талаптагыдай тартипти камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.

16. Апелляциялык инстанциянын жыйналышында жыйналыштын катчысы протокол жүргүзөт. Сот жыйналышынын протоколуна тараптар өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн, алар ушул Кодекстин 232, 233-беренелеринде каралган тартипте төрагалык кылуучу тарабынан каралат.

17. Апелляциялык инстанциянын соту тарабынан ишти видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен кароо тартиби ушул Кодекстин 1581-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул берененин эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-333)  
Кийинки берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-335)
