# 333-берене. Ишти кароого дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 333-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-333

---

1. Апелляциялык инстанциядагы сотко иш келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга берилет.

2. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 329-беренесинде каралган негиздер жок болгондо, апелляциялык инстанциядагы соттун өндүрүшүнө кабыл алынат.

3. Иш апелляциялык инстанцияга келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирилбестен апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктаманы чыгарат, анда ишти кароонун датасы жана убактысы көрсөтүлөт.

4. Апелляциялык инстанциядагы сот ишке катышуучу жактарга ушул Кодекстин 12-главасында белгиленген эрежелер боюнча сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт.

5. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө кабарланбаган жактардын бири сот жыйналышына келбей калган учурда сот ишти кароону кийинкиге калтырат. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбайт.

6. Эгерде ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланса, сот алардын келбей калуусунун жүйөлүү экендиги тууралуу корутундуга келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырышы мүмкүн.

7. Ишке катышуучу жактар иштин материалдары менен, ошондой эле апелляциялык даттануу (сунуштама) менен таанышууга жана каршы пикир билдирүүгө укуктуу.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [332-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-332)  
Кийинки берене: [334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-334)
