Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
333-берене. Ишти кароого дайындоо
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 38-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39
1. Апелляциялык инстанциядагы сотко иш келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга берилет.
2. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 329-беренесинде каралган негиздер жок болгондо, апелляциялык инстанциядагы соттун өндүрүшүнө кабыл алынат.
3. Иш апелляциялык инстанцияга келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирилбестен апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктаманы чыгарат, анда ишти кароонун датасы жана убактысы көрсөтүлөт.
4. Апелляциялык инстанциядагы сот ишке катышуучу жактарга ушул Кодекстин 12-главасында белгиленген эрежелер боюнча сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт.
5. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө кабарланбаган жактардын бири сот жыйналышына келбей калган учурда сот ишти кароону кийинкиге калтырат. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбайт.
6. Эгерде ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланса, сот алардын келбей калуусунун жүйөлүү экендиги тууралуу корутундуга келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырышы мүмкүн.
7. Ишке катышуучу жактар иштин материалдары менен, ошондой эле апелляциялык даттануу (сунуштама) менен таанышууга жана каршы пикир билдирүүгө укуктуу.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…инстанцияга келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирилбестен алынып салынды: судья-баяндамачы кошулду: апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук … корутундуга келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырышы мүмкүн.
кошулду: 7. Ишке катышуучу жактар иштин материалдары менен, ошондой эле апелляциялык даттануу (сунуштама) менен таанышууга жана каршы пикир билдирүүгө укуктуу.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-333" title="333-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>