# 332-берене. Доогердин доодон баш тартышы жана тараптардын апелляциялык инстанциядагы соттогу жарашуу макулдашуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 332-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-332

---

1. Доогердин доодон баш тартуу жөнүндө арызы же тараптардын өз ара жарашуу макулдашуусу ушул Кодекстин 175-беренесине ылайык берилет. Доодон баш тартылганга же жарашуу макулдашуусу түзүлгөнгө чейин сот доогерге же тараптарга алардын процесстик аракеттеринин натыйжасын түшүндүрөт.

2. Доогер доодон баш тартканда же тараптардын жарашуу макулдашуусу түзүлгөндө апелляциялык инстанция чыгарылган чечимди жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот.

3. Ушул Кодекстин 43-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, сот жарашуу келишимин бекитүүдөн баш тартат жана ишти апелляциялык тартипте карайт.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-331)  
Кийинки берене: [333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-333)
