# 331-берене. Апелляциялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же апелляциялык талапты кайра чакыртуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 331-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-331

---

1. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам соттун чечими чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу. Жогору турган прокурор соттун чечим чыгарылганга чейин сунуштаманы кайра чакыртууга укуктуу.

2. Даттануудан (сунуштамадан) баш тартылганда же сунуштама кайра чакыртылганда сот даттануудан (сунуштамадан) баш тартуунун же сунуштаманы кайра чакыртуунун натыйжаларын түшүндүрөт жана апелляциялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Эгерде сот апелляциялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартылган же сунуштама кайра чакыртылган учурда башка жактын даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, баш тартуу же кайра чакыртып алуу билдирилген апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү гана токтотуу тууралуу аныктама чыгарат. Бул учурда апелляциялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

4. Апелляциялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартууда же апелляциялык сунуштаманы кайра чакыртып алууда, сот актысына апелляциялык тартипте ушул эле жактын кайталап даттануусуна жол берилбейт.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамы менен расмий тилде киргизилген өзгөртүүлөр (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [330-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-330)  
Кийинки берене: [332-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-332)
